Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Казакстан: сот Жакишевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошоткон жок


Муктар Жакишев
Муктар Жакишев

Казакстанда Семей шаардык соту 24-июлда "Казатомпром” компаниясынын мурдагы жетекчиси Муктар Жакишевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок.

Жакишев 2009-жылы коррупция боюнча айыпталып, камакка алынган. Сот аны ошол жылы 14 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган.

Семей шаардык соту 2018-жылы дагы Жакишевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу тууралуу өтүнүчтү четке каккан.


Муктар Жакишевдин жактоочулары ал мурдагы банкир, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин эң башкы саясий душманы, бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов менен дос болгону үчүн гана камалганын айтып келет.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Жакишевди "саясий туткун" деп тааныган жана казак бийлигин аны абактан бошотууга чакырган. Расмий Астана өлкөдө саясий негизде камалгандар жок экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG