Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:24

Борис Жонсон премьер-министрлик кызматка расмий киришти


Борис Жонсон
Борис Жонсон

Британияда көп жылдык салтка ылайык, Букингем сарайында ханыша Елизавета II премьер-министр Борис Жонсонду кабыл алды. Анда Жонсонго британ өкмөтүн жетектөө сунушталды.

Борис Жонсон 23-июлдагы консерваторлордун шайлоосунда саясий атаандашы, Британиянын тышкы иштер министри Жереми Ханттан дээрлик эки эсе көп добуш алган.

Буга чейинки Британиянын премьер-министри Тереза Мэй парламентте "Брекзит" келишимине байланыштуу бир канча жолу колдоо таба албай, ушул жылдын июнь айында кызматтан расмий кеткен, бирок кийинкиси премьер келгенге чейин өзүнө тагылган милдетти аткарып турган.

Британия Европа Биримдигинен чыгуу үчүн мындан үч жыл мурда "Брекзит" жараянын баштаган, бирок ушу күнгө чейин Брюссель менен орток пикир таппай келет.

XS
SM
MD
LG