Улуттук госпиталдын көз догдурлар тобу президент Сооронбай Жээнбековдон жардам сурап кайрылуу жолдошту.
Мамлекет башчысына жолдонгон ачык катта алар госпиталдын №1 Микрохирургия бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаева кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ага карата чара көрүлбөй жатканын жазышты.
Буга чейин саламаттык сактоо министрине жана башка тиешелүү мекемелерге кайрылышканын, бирок жооп болбогонун белгилешти.
Быйыл июнь айында дарыгерлер өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгышкан. Бөлүмдүн дарыгери Бурулкан Шаршеева Иманбаева бейтаптан пара талап кылганын, аны “УКМКга алып кетишкенин, бирок ошондон бери кайра эле иштеп жатканын” “Азаттыкка” билдирген. Бул тууралуу кабар май айында Интернетке чыккан, бирок Иманбаева өзү мындай маалымат чындыкка дал келбесин айткан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Саламаттык сактоо министрлигине кат жөнөтүшкөнүн, анын жыйынтыгы менен дарыгердин кылган иш-аракеттерине укуктук баа берилерин маалымдаган.
"14-майда Башкы прокуратура "Опузалап пара алуу" беренеси боюнча ишти Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. Сотко чейинки териштирүүдө 31 миң сом арыз жазган адамдын апасынын операциясына зарыл каражат алууга колдонулганы аныкталган. Комиссиялык экспертиза жүрүп жатат. Саламаттык сактоо министрлигине Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен бирге ошол каражатты операция жасаган дарыгер өз каражатына сатып алганы канчалык мыйзамдуу экенин аныктоо тууралуу кат жөнөтүлдү. Жыйынтык чыккандан кийин ошол дарыгердин кылган иш-аракеттерине укуктук баа берилет", - деген аталган мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов.
Иманбаева менен ал жетектеген бөлүмдүн дарыгерлер тобунун ортосунда тирешүү дээрлик эки жылдан бери уланып келе жатат. Алар Иманбаева менен иштөөгө мүмкүн болбой калганын, грант аркылуу келген кымбат баалуу жабдууну өз менчигине өткөрүп, операцияларды өзү гана жасап калганын айтышкан.
Ал эми Иманбаева коюлган дооматты четке кагып, техниканы эч кайда алып кетпегенин, анын иш боюнча айткан сынын дарыгерлер кемсинтүү катары кабыл алып жатышканын билдирген. Иманбаева менен жаатташкан дарыгерлердин ишин тескеш үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган комиссия да иштеген. Комиссиянын мүчөсү, депутат Евгения Строкова Иманбаеваны жактап, анын кызматтан алынышын Улуттук госпиталдын директорунун атайын уюштурган кутуму каттары сыпаттаган. (RK)