Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:44

Чүй: бала уурдагандар 7,5 жылга соттолушту


Ысык-Ата райондук соту Кант шаарынан 12 жаштагы Данил аттуу бала уурдады деп айыпталган эки жаранды жети жарым жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Чүй облусттук сотунан маалымдашты.

2019-жылы 11-апрелде эртең менен Кант шаарынан уурдалган 12 жаштагы Данил аттуу бала аман-эсен куткарылган.

Бала кечки саат 21:30дарда Бишкектин жогору жагындагы Панорама аймагынан табылган. Жалпысынан бул кылмышка шектүү эки адам камакка алынган.

Милициянын айтымында, бала эртең менен мектепке баратканда жолдон аны жеңил машинеге күчтөп салып кетишкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тергөө учурунда шектүүлөр баланын анын жакындарынан акча талап кылуу үчүн уурдашканы айтылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG