Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Дүйнөлүк банк Рогун ГЭСинин курулушун каржылоодон баш тартышы мүмкүн


Эл аралык каржы уюмдары, анын ичинде Дүйнөлүк банк Тажикстандагы Рогун ГЭСинин курулушун каржылабай калышы мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук банкы билдирди.

Улуттук банктын төрага орун басары Жамолиддин Нуралиев адатта эл аралык каржы уюмдары жаңы башталып жаткан долбоорлорду каржылай турганын айтып, Рогун ГЭСинин курулушу дээрлик аяктап калганын билдирди.

Ал быйыл апрелде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусун эске салды. Анда каржы уюму аталган долбоорду каржылоого ниети жок экенин билдирген.

Тажикстан Рогун ГЭСинин курулушуна негизинен өз каражатын жумшап келет. Өлкөнүн Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылы бул долбоорго мамлекеттик бюджеттен 222 миллион доллар бөлүнгөн.

Учурда ГЭСтеги алты агрегаттын экөө орнотулган. Аларга суу толтурулгандан кийин ишке берилет. Алгачкы агрегат былтыр 16-ноябрда орнотулган.

XS
SM
MD
LG