Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Саляновдун өлүмү боюнча сот 30-августка чейин токтотулду


Кыргызстандын экс-башкы прокурору, учурда камакта жактан Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду өлүмү боюнча сот иши 30-августка чейин токтотулду. Бул тууралуу адвокат Рабига Сыдыкова маалымдады.

Соттук териштирүүнүн токтотулганына ишти караган судьянын эмгек өргүүсүнө чыгып кеткени себеп болгон.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Улан Саляновду өлтүрүү ишинде саясий өңүт болушу мүмкүн деген божомол каралып жатканын билдирген.

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кеткен. Кандуу окуяга байланыштуу сот жараяны былтыр сентябрда башталган.​

ИИМ бул кылмыш үчүн жалпысынан үч киши - Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев шек саналып жатканын жарыялаган. Булардын арасынан Осмонкулов гана 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен кармалган. Милиция белгилегендей, майдын соңунда Москвадан кармалып, экстрадицияланганы айтылган Асанэмир Абыкулов негизги шектүү катары өтүп жатат. Үчүнчү шектүү, орус жараны Заур Насруллаев да Екатеринбург шаарынан 2018-жылы августта кармалган. (TSh)

XS
SM
MD
LG