Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:53

Ошто “Жашстан-2” долбоору ишин улантууда


Ош
Ош

23-24-июлда Ош шаарында “Жашстан2: Жаштар тынчтыктын жана туруктуулуктун өзөгү” долбоорунун алкагында семинар болуп өттү. Ага облустун Араван, Кара-Суу райондорунан жана Ош шаарынан 14-28 жаштагы жигердүү жаштар катышты.

Иш-чарада ар бир айыл-кыштактан келген жигердүү жаштар түрдүү көйгөлөрдүн алдын алуу жана чечүү багытында тажрыйбалуу устаттардан сабак алышты.

Семинардын уюштуруучуларынын бири “Жаш ниет” коомдук уюмунун жетекчиси Нургүл Караеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бул жактан сабак алган жаштар өз айылына барып, түрдүү маселелерди, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору тууралуу башка жаштарга билими менен бөлүшө алат. Алар менен чогуу көйгөйдүн алдын алууда жана чечүүдө бирге иш алып барышат.

“Жашстан” долбоору Кыргызстанда тынчтыкты жана туруктуулукту сактоодо жаштардын ролун жана мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүнү максат кылат. Мындан тышкары айыл-кыштактарды жана шаарларды өнүктүрүү, өзгөртүүдө жаштардын өз күчүнө ишенимин ойготуу да долбоордун тапшырмасы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG