24-июлда Жогорку сот милицияда кыйноонун айынан каза болгон Турдубек Акматовго байланыштуу Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу "Кыйноого каршы коалиция" уюмунан маалымдашты.
2018-жылдын 16-октябрында Биринчи май райондук соту "Турдубек Акматов милициянын кыйноосунан кийин каза болгон" деген чечим чыгарып, өкмөттү маркумдун жакындарына 200 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.
Бирок Финансы министрлиги Биринчи май райондук сотунун чечимине макул болбой, жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрылган.
Маркумдун жакындары да сот чечкен кенемтенин суммасына нааразы болуп апелляциялык арыз беришкен. Жабырлануучу тараптын адвокаты Сардор Абдухалиловдун айтымында, окуя 2005-жылы Өзгөн районунун Мырзаке айылында болгон. Турдубек Акматовдун өлүмүнө байланыштуу бир да милиция кызматкери жоопко тартылган эмес.
Буга чейин Кыйноого каршы коалиция соңку эки жылда Кыргызстанда 1140 адам кыйноого кабылганын билдирген. Даттангандардын ичинен 1076сы же 94,4% милиция кызматкерлеринен зомбулук көргөнүн белгилешкен. (TSh)