Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Өлкө боюнча жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу иши жүрүп жатат


Нарын облусундагы Жумгал районунда үч тонна жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Кара куурайды жок кылуу иши 15-20-июлда да уланып, Кичи-Арал, Арал жана Туюк Арал аймактарындагы бир жарым гектардай аянт чабылган.

Кабак айылындагы Киндик аймагындагы кара куурайды жок кылуу ишине жергиликтүү бийлик, милиция катышты.

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда өтүп, беш тонна кара куурай жок кылынганын жергиликтүү бийликтен кабарлашты. Ушу тапта өлкөнүн бардык аймагындагы жапайы кара куурайды жок кылуу иши улантылып жатат.

XS
SM
MD
LG