Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Баткен: Исфара-Ворух, Ош-Исфана жолу ачылды


Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров тынымсыз сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жол каттамдары калыбына келтирилгенин “Азаттыкка” маалымдады.

Мадумаров эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу белгиленип жатканын айтты.

“Эртең эки президенттин жолугушуусу белгиленип жатат. Анда эки тарап чек ара маселесин карап, бир чечимге келет деген ойдобуз”, - деди Мадумаров

Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы 26-июлда Эмомали Рахмон менен Сооронбай Жээнбеков Ак-Сай-Ворух жолунда жолугуп, чек арада жашаган элдин үнүн угарын кабарлады.

Тажик президентинин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзода "Азаттыктын" тажик кызматына андан ары сүйлөшүүлөр Исфарада өтөрүн маалымдаган.

Исфара-Ворух, Ош-Исфана жолу ачылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:25 0:00

Жол каттамы бүгүн эртең менен 25-июлдан баштап ачылды. Эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери 23-24-июлда жолугуп, Тажикстандын Ворух анклавы менен Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундарынын ортосундагы чырды биргелешип иликтөө боюнча чечимге келишкен. Чек ара тилкелерин чогуу кайтарып, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча макулдашкан.

Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.

Тажикстандын чек ара кызматы кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын билдирүүдө.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, чек арадагы чырда 17 киши жабыркап, ооруканага жаткырылды. Алардын 14үнө ок жаңылса, үчөөнө таш тийген. Тажик тарап бир киши каза болгонун, дагы жети киши жараат алганын билдирип жатат. (JsA)

XS
SM
MD
LG