Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 01:11

Кубатбек Боронов Солтон-Сарыга барды


Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр Солтон-Сары кенинде кытайлык компания куруп жаткан кен иштетүүчү комбинаттын курулушу менен таанышып жатат. Андан кийин жергиликтүү эл менен жолугушары күтүлүүдө. Боронов менен жолугушуу үчүн учурда 100дөн ашык киши турат.

Эл менен болгон жолугушууда ал Солтон-Сары жайлоосунан алынган топурак, суу жана жайлоодон өлгөн малдын анализдеринин жыйынтыгын айта турганы кабарланды.

Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишине нааразы болгон 70тей киши 15-июлда Нарын облустук администрациясынын имаратына барып, «кен иштеткен компания агын сууну булгап атат, жайыттагы мал жапырт кырылууда» деп, кытайлык компаниянын ишин токтотууну талап кылышкан.

Мунун алдында социалдык тармактарда «Солтон-Сарыда кой-эчки массалык түрдө кырылып жатканы» тартылган видеолор тараган.

Экотехинспекциясы кой-козу жапырт кырылып жатканы айтылган Нарындын Солтон-Сары жайлоосундагы сууну жана топуракты текшерип, ал таза чыкканын билдирген.

«Jhong ji Mining» компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган. Анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курууну пландап жатат.

Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылып келет. Бул чет элдик компанияда 160 айыл тургуну иштеп жатат. Алардын орточо айлык акысы 20-25 миң сомду түзөт. (BTo/MiK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG