Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:20

Кабулда жанкечтинин жардыруусунан 12 киши каза тапты


Жарылуудан жаракат алган аялды алып бара жатышат.
Жарылуудан жаракат алган аялды алып бара жатышат.

25-июлда Кабулдун чыгышында болгон үч жарылуудан кеминде 12 киши өлүп, ондогон киши жараат алды. Бул тууралуу ооган бийлиги маалымдады.

Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Вахидулла Майардын айтымында, жанкечти Тоо-кен министрлигинин кызматкерлерин салып бара жаткан автобустун жанында өзүн жардырып жибергенде беш киши жан берди. Экинчи жардырууда 7 киши мрт кетти, 20дан ашууну жараат алды. Жабыркагандар ооган башкалаасындагы ооруканага жеткирилишти.

Ички иштер министринин басма сөз катчысы Насрат Рахими жабыр тарткандардын баары мамлекеттик кызматкерлер болгонун маалымдады.

Жардыруу үчүн "Талибан" кыймылы жоопкерчилик алды. Кыймылдын өкүлү Забихулла Мужахид жанкечти "чет өлкөлүк баскынчылардын кербенин бутага алганын" билдирди.

XS
SM
MD
LG