Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Ооган бийлиги: “Талибан” тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштаса, шайлоого катыша алат


Ооганстан.
Ооганстан.

Эгер “Талибан” кыймылы ооган өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштаса, анда 28-сентябрда өтө турган президенттик шайлоого катыша алат.

Бул тууралуу Ооганстандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулланын маалымат катчысы 24-июлда айтканын жергиликтүү Tolo News маалымат каражаты билдирди.

Президенттик шайлоо өнөктүгү расмий башталарына төрт күн калганда Фрайдун Хвазун “Талибанга” качан кааласа келип, ооган өкмөтү менен сүйлөшүүгө жана демократиялык, улуттук шайлоого катышууга эшик ачык экенин айтты.

Ашраф Ганинин ордуна президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышканы турат. Алардын арасында аял талапкерлер жок жана дээрлик баары мурдагы аскер жетекчилери. Эгер биринчи айлампада эч бир талапкер утпаса, анда экинчи айлампа ноябрда болушу ыктымал.

Шайлоо өнөктүгү Ооганстандагы 18 жылдык согушту токтотууга багытталган сүйлөшүүлөр уланып жатканына карабай, дээрлик күн сайын адам өмүрүн алган чабуулдар болуп жаткан кезде башталганы турат.

АКШ “Талибандын” өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүдө алардын чет элдик аскерлерди чыгаруу талабына макул экенин, ошол эле кезде Ооганстан террордук топтордун жайына айланбайт деген кепилдик болушу керектигин билдирген.

АКШ 1-сентябрга - президенттик шайлоого чейин тынчтык келишимин түзүүгө жетишүүнү ниет кылууда.

“Талибдер” Ооганстандын дээрлик жарымын көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG