Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:34

Аба ырайы: күн катуу ысыйт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору 27-29-июлда жана 1-3-августарда абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39 чейин, ал эми Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында 39-41 градуска чейин жогорулашы мүмкүн экенин билдирди.

26-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;

Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 30…35;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;

Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 19…21, күндүзгү жогорку температурасы 34…36 градус болот.

XS
SM
MD
LG