Орусиянын Чек ара кызматында иштеген, улуту армян Арсен Карапетян Армениядагы өз үйүндө асынып алган. Армениянын Тергөө комитети чек арачы өзүнө-өзү кол салганбы же анын өлүмүнө башка себеп болгонбу, териштирип жатат. Анын туугандары чек арачы жумушундагы көйгөйлөрдөн улам өз жанын кыйган болушу мүмкүн деп эсептейт.
Ата-энеси менен жашаган Арсен Карапетяндын 1500 доллардай карызы болгон.
«Ал аскердик бөлүккө акчаны жеткириши керек болгон, анткени анын кандайдыр бир проблемалары болгон. Эгер алып барбаса, жаман нерсе болушу мүмкүн эле», - деди анын туугандарынын бири Шурин Карапетян.
2015-жылы да Орусиянын чек ара кызматында иштеген эки этникалык армян да өз жанын кыйган.
Орусиянын чек ара кызматы Федералдык коопсуздук кызматына карайт.