Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

Президент чек ара коопсуздугу боюнча кеңешме өткөрдү


Президент Сооронбай Жээнбеков өткөргөн кеңешме.
Президент Сооронбай Жээнбеков өткөргөн кеңешме.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июлда чек арада, анын ичинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, кошуна өлкөлөр менен кызматташтыкты өркүндөтүү, чек ара боюндагы райондордо жашаган өлкө жарандарынын жашоосу үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын эң башкы артыкчылыктарынын бири бойдон каларын белгиледи.

«Бул маселелерди чечүү бийликтин бардык бутактарынын, аткаруу бийлигинин түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусун талап кылган комплекстүү милдет болуп саналат. Ошону менен катар алдын алуу чараларын, жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек», - деди Жээнбеков.

Президент чек ара боюндагы айылдардын жана райондордун инфраструктуралык абалын жакшыртуу жана социалдык-экономикалык маселелерди чечүү зарылдыгына көңүл бурду.

Кеңешмеге Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, тийиштүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери катышты. (BTo)

XS
SM
MD
LG