Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:01

Түндүк Корея белгисиз эки ракетасын сынады


Түндүк Корея.
Түндүк Корея.

Бул тууралуу Түштүк Кореянын Биригүү боюнча штаб башчыларынын комитети билдирди.“Франс Пресс” агенттигинин америкалык кызмат адамына шилтеме кылып жазганына караганда, Пхеньян жакынкы аралыкка учуучу кеминде эки ракетасын сынаган.

Ракеталар 430 чакырым учуп, Жапониянын экономикалык аймагына жетпей, деңизге кулаган. Бул тууралуу Жапониянын Коргоо министрлиги маалымдап, ракеталар эч кандай коркунуч жаратпаганын кошумчалады.

Тундүк Корея май айында да жакынкы аралыкка жетүүчү бир канча ракетасын сынаган.

АКШ Ким Чен Ындан атомдук программасын тезинен токтотууну талап кылса, Түндүк Корея санкцияларды алуу зарылдыгын айтып келет.

28-февралда АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Вьетнамдын борбору - Ханойдогу экинчи жолугушуусу эч кандай макулдашуусу жок жана күтүлгөндөн эрте аяктаган. АКШ Ким Чен Ындан атомдук программасын тезинен токтотууну талап кылса, Түндүк Корея санкцияларды алуу зарылдыгын айтып келген.

Ал эми июнь айынын соңунда Түндүк Корея акыркы эки жылдан бери алгач жолу Түштүк Корея жана АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын жүрүшүндө АКШ президенти Дональд Трамп бир нече секундга Түндүк Кореянын аймагына өтүп, мындай аракетти жасаган алгачкы америкалык президент болуп калган.

XS
SM
MD
LG