Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

Боронов: Солтон-Сарыдагы компаниянын ишинде кемчиликтер бар


Өкмөт мүчөлөрү Солтон-Сарыда эл менен жолугушуп жаткан учур.
Өкмөт мүчөлөрү Солтон-Сарыда эл менен жолугушуп жаткан учур.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Солтон-Сары кенин иштетип жаткан кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясынын ишинде кемчиликтер бар экенин айтты. Ал бул тууралуу Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосунда жергиликтүү эл менен жолуккан учурда билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

«Компаниянын ишинде бир катар мыйзам бузуулар бар, алар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар иш алып барууда, бардыгын оңдоо талабы менен эскертүүлөрдү берип жатышат. Алар баарын оңдошот. Эң башкысы компаниянын ишмердүүлүгү адамдарга жана экологияга зыян келтирбеши керек. Компания ишин өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзөт. Муну биз көзөмөлгө алабыз», – деди Боронов.

Бүгүн өкмөт мүчөлөрү жергиликтүү эл менен жолугуу үчүн Солтон-Сарыга барды. Анда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов Солтон-Сарыда малдын 66 пайызы өпкө, боор жана ичегинин мите оорусунан кырылганын айтты.

Мамлекеттик санитардык жана эпидемиологиялык кызматтын башчысы Төлөнбай Исаков жайлоонун топурак жана суусу текшерилип, цианид чыкпаганын, Солтон-Сары кениндеги жана жайлоосундагы радиациянын деңгээли ченемдерге дал келерин кошумчалады.

«Jhong ji Mining» компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган. Анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курууну пландап жатат.

Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылып келет. Бул чет элдик компанияда 160 айыл тургуну иштеп жатат. Алардын орточо айлык акысы 20-25 миң сомду түзөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG