Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжалда ар кандай жараат алып ооруканага баш-аягы 31 адам кайрылганын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Учурда алардын 17си ооруканада дарыланып жатат. Алардын абалы туруктуу жана дары-дармек жетиштүү экени айтылды.
Чек ара чырынан кийин жабылган Исфара-Ворух, Ош-Исфана жолу бүгүн ачылып, Ак-Сай айылынын коопсуз аймакка чыгарылган тургундары кайра үйүнө көчүрүлдү.
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалдан улам эртең, 26-июлда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара шаарында жолугат. Президенттин аппараты ушул эле күнү эки мамлекет башчынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы Чолпон-Ата шаарында уланып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыгы чыгарыларын билдирди.
22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.
Тажикстандын чек ара кызматы кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын билдирүүдө. (BTo/JsA)