Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:16

Тунистин президенти 92 жашында көз жумду


Байжи Каид Ассабси.
Байжи Каид Ассабси.

Тунистин демократиялык жол менен шайланган алгачкы президенти Байжи Каид Ассабси 92 жашында көз жумду. Ал ден соолугуна байланыштуу үчүнчү ирет ооруканага түшкөн жана 25-июлда аскердик госпиталда жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Байжи Каид Ассабси 2014-жылы президент болуп шайланган.

Ал 2011-жылы «араб жазы» деп аталган элдик толкундоолордун натыйжасында авторитардык башчы Зина ал-Абидин ибн Али бийликтен кулатылгандан кийинки демократиялык биринчи шайлоодо утуп, бийликке келген.

Өлкө мыйзамына ылайык, президент өлгөндөн кийин анын милдетин парламенттин спикери аткарып турат.

XS
SM
MD
LG