Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Украина Керч кысыгын бөгөттөгөн орусиялык кемени кармады


Керч кысыгы.
Керч кысыгы.

Украинанын Коопсуздук кызматы «Нейма» танкерин кармоо Орусиянын чек ара кызматынын өкүлдөрү Керч кысыгында ФСБнын жогорку кызмат адамдарынын буйругу менен украиналык «Никополь», «Бердянск» аскердик кемелерине жана «Яны Капу» буксирине «куралдуу агрессия жасагандан» кийин болгонун билдирүүдө.

Орусиялык кеменин ичинде экипаждын он мүчөсү болгон. Айрым маалыматтарда алар коё берилгени айтылууда.

«Украин кемелеринин кыймылы «Нейма» танкери жана курал колдонуу менен мыйзамсыз бөгөттөлгөн», - дейт Украинанын Коопсуздук кызматы. Орусиялык кеме Украинанын Одесса облусундагы Измаил портуна токтотулган. Кемеде тинтүү иштери жүргүзүлүп, документтер, журналдар, радиосүйлөшүүлөр алынып, экипаж мүчөлөрү суракка тартылган.

Украин тарап кемени камакка алуу боюнча сотко документтерди даярдап жатат. Киев Керч кысыгындагы бул окуяга Орусиянын аскер жетекчилигинин 15 кызматкеринен, анын ичинде бир контр-адмиралдан, эки вице-адмиралдан жана бир генерал-полковниктен шек санап жатат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги танкердин кармалышы боюнча жагдай иликтенип жатканын маалымдады. Мекеме эгер сөз «орусиялыктарды барымтага алуу тууралуу» болуп жатса, анда бул эл аралык укуктук эрежелерди бузуу катары кабыл алынарын жана «кесепети күттүрбөй келе турганын» белгилеген.

Бул Орусия менен Украинанын ортосундагы деңиз аскерлерине байланышкан биринчи окуя эмес. Былтыр 25-ноябрда Кара деңиз менен Азов деңизи кесилишкен Керч кысыгында Орусия Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин күч менен кармап кеткен.

XS
SM
MD
LG