Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:03

Жер ортолук деңизинде ондогон мигрант дайынсыз болууда


Жер ортолук деңизинде талапка жооп бербеген кайыктар менен бара жаткан адамдарды куткаруу учуру. Сүрөт 2018-жылы тартылган.
Жер ортолук деңизинде талапка жооп бербеген кайыктар менен бара жаткан адамдарды куткаруу учуру. Сүрөт 2018-жылы тартылган.

Ливиядан Европага келе жаткан мигранттар түшкөн кайык оодарылып, ондогон адам дайынсыз болуп жатканы маалым болду. АКШнын Качкындар иштери боюнча агенттигинин кабарлашынча, 25-июлда Жер ортолук деңизинде Ливиядан жол тарткан кеме оодарылып, кеминде 150 мигрант дайынсыз деп эсептелүүдө.

Ал эми БУУнун Качкындар иштери боюнча агенттиги дагы 150дөй мигрант куткарылып, Ливиянын жээк кызматы мекемесине өткөрүлүп берилгенин айтты.

Африканын түштүгүндөгү жакырчылыктан улам Европага жетүүнү самап, мыйзамсыз, талапка жооп бербеген кайыктарга түшкөн миңдеген мигранттар көбүнчө Ливия аркылуу ушул деңиз жолун тандашат.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери Жер ортолук деңизине 426 мигрант чөгүп кеткен.

XS
SM
MD
LG