Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Исфара шаарына барат.
Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков кыска мөөнөттүк жумушчу сапардагы сүйлөшүүдө эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, анын ичинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкуулана турганын билдирген.
Сыдыков эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы Чолпон-Атада уланып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыгы чыгарыларын белгиледи.
22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.
Тажикстандын чек ара кызматы кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын билдирүүдө.