Ооганстанда элүүдөн ашуун адамдын өмүрүн кыйган кол салууларга “Талибан” кыймылы жана "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчилик алды.
Бейшемби күнү Кабул шаарында үч башка жерде болгон кол салууларда ондогон адам жарадар болду. Теракттар АКШ Ооганстанда тынчтык орнотуу максатында талибдер менен келишим түзүү аракетин көрүп жаткан маалда болду.
Жыл башынан бери борбор калаада ушуну менен 13чү теракт катталды. Кол салууларда 70тен ашык киши өлүп, 500дөн көбү жараланды.
Ооганстанда быйыл 28-сентябрда президенттик шайлоо өтөт.
Үгүт кампаниясы үч күндөн кийин башталат. Мамлекет башчылыкка 17 талапкер, анын ичинде президент Ашраф Гани ат салышууну көздөп жатат.