Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Орозова: Чек ара окуясы боюнча спикерге кат жаздык


Карамат Орозова.
Карамат Орозова.

Парламент депутаты Карамат Орозова Баткендеги чек ара маселеси боюнча Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулушу керектигин айтып, спикерге кат жолдогонун билдирди.

Орозова чек ара маселесин парламент тез арада карап чыгышы керектигин белгилейт. Анын демилгесин бир нече кесиптеши колдогон.

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.

Тажикстандын чек ара кызматы кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын билдирүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG