Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 17:24

Трамп Зеленский менен телефондон сүйлөштү


АКШнын президенти Дональд Трамп жана Украинанын президенти Владимир Зеленский алгачкы жолу сүйлөшүштү. Бул тууралуу Ак үйдөн кабарлашты.

Трамп Зеленскийге телефон чалып, парламенттик шайлоонун жана “Эл кызматчысы” партиясынын жеңиши менен куттуктады.

Зеленский АКШнын Орусияга карата санкциялык басымдын сакталып жана күчөтүлүп жатканы үчүн Трампка ыраазычылык билдирди. Украинанын президенттинин басма сөз кызматы АКШ лидери Украинанын жаңы бийлиги өлкөнүн имиджин көтөрүп, башталган коррупциялык иштердин аягына чыгарына ишенерин маалымдады.

Лидерлер мындан тышкары эки өлкөнүн энергетикалык жана экономикалык кызматташтыгын талкуулашты. Эки президент тең жолушууну күтүп жатканы айтылды. Буга чейин Владимир Зеленский Дональд Трамптын чакыруусу менен Вашингтонго бара турганын кабарланган. Бирок, так датасы айтылган эмес. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG