Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:13

Дизайнер Тарасенко УКМКга чакырылды


Бишкектик дизайнер Никита Тарасенко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке күбө катары суракка чакыруу алганын билдирди. Ал "Фейсбук" баракчасына жазган тамашасы үчүн чакырылып жатышы мүмкүн экенин божомолдоду.

“Тамашам боюнча болуш керек деп божомолдоп жатам. Олуттуу деле эч нерсе жок деп ойлойм. Мен табышмактуу бул мекемеде биринчи жолу болуп жаткан жокмун”, – деди Тарасенко.

УКМК 24.kg агенттигине Никита Тарасенко диний аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча күбө катары суракка чакырылып жатканын билдирген. Бирок атайын кызмат кайсы пост үчүн экенин айткан эмес.

Никита Тарасенко 24-июлда "Фейсбуктагы" баракчасына президент Сооронбай Жээнбеков жана анын бир тууганы, депутат Асылбек Жээнбеков, Матраимовдордун бир туугандарына окшош кишилердин сүрөтүн чыгарып, “Ошская ОПГ” деген пост жазган.

2018-жылы сентябрь айында Никита Тарасенко президенттин маалымат кызматы тараткан Сооронбай Жээнбековдун жайкы эс алуусундагы сүрөттөргө тамашалуу сөздөрдү жазып, ошол мемдерди Интернетке жайгаштырганы үчүн Башкы прокуратурага чакырылган.

Бирок президенттин аппараты Сооронбай Жээнбековдун эч кандай доосу жок экенин жана өлкө башчы жада калса аларды көрүп өзү да күлгөнүн айтып, билдирүү тараткан.

Көп өтпөй текшерүүнүн жыйынтыгында Башкы прокуратура президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүнө жазылган тамаша сөздөр үчүн авторго каршы иш козгоого негиз жок деп тапкан. Мем - Интернетте кеңири тараган тамашалуу сүрөт, видео же сөз. (TSh)

XS
SM
MD
LG