Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Статком эл каттоо боюнча жалган маалыматтар таратылып жатканын билдирди


Бишкектин четиндеги жаңы конуш.
Бишкектин четиндеги жаңы конуш.

Улуттук статистика комитети жарандарды өздөрүн аталган комитеттин кызматкери деп тааныштырып, калкты каттоо боюнча иштерди жүргүзүп жатканын айткан адамдарга алданбоого чакырды.

Мекеме тараткан маалыматта көз боёмочулар Улуттук статистика комитетинин кызматкерлеринин жасалма күбөлүгүн көрсөтүп, адамдарды ишендирип жатканы айтылат. Маалыматтар чогултулгандан кийин, сурамжылоо жүргүзүлгөн адамдардын үйлөрүнө ууру киргени белгиленген.

Аталган комитет элди жана турак жайды каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү иштери 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелге чейин жүргүзүлөрүн эскертет. Буга байланыштуу Улуттук статистика комитети жакын арада эл жана турак жай каттоо боюнча иштерди жүргүзбөй турганын билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG