Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:55

Грузияда мурдагы коргоо министри Окурашвили камалды


Мамука Челидзе
Мамука Челидзе

Грузиянын борбор шаары Тбилисиде мурдагы коргоо министри, "Жеңген Грузия" партиясынын лидери Ираклий Окурашвили камакка алынды.

Ички иштер министрлиги Окурашвилиге өткөн айда парламенттин алдындагы нааразылык акцияларга байланыштуу "топтошуп алып зомбулукту уюштуруу, жетектөө жана катышуу" деген айып тагылганын билдирди.

ИИМдин өкүлү Мамука Челидзе өткөн айда парламентке жасалган чабуулга байланыштуу жалпысынан 17 адам кармалганын, алардын арасында парламент депутаты Нику Мелия да бар экенин билдирди:

"Тергөөнүн натыйжасында Ираклий Окурашвили бир топ адам менен парламентке күч менен кирип барууга аракет кылганы аныкталды. Топтошуп алып ар кандай зомбулук да жасаган".

Тбилисиде 20-июнда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гавриловдун айынан нааразылык акциялары башталган. Депутат Грузияга Православ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылуу үчүн барган.

Оппозиция Гавриловдун парламент төрүндө спикердин ордуна отуруп алып жыйын өткөргөнүнө кыжырданган жана алар муну Грузияны сыйлабастык катары баалап жатышат. Бул окуядан кийин грузин парламентинин төрагасы Ираклий Кобахидзе кызматтан кеткен

XS
SM
MD
LG