Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:46

Палестина Израил менен түзүлгөн макулдашууларды аткарбайт


Махмуд Аббас
Махмуд Аббас

Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас палестиналыктар Израил менен түзүлгөн бардык макулдашууларды аткаруудан баш тартарын билдирди. Бул тууралуу "Times of Israel" басылмасы кабарлады.

"Биз диктатка жана айрыкча Чыгыш Иерусалимдеги одоно күч колдонууну таңуулоого баш ийбейбиз. Израилдин оккупациялык бийлигинин бардык чечимдери биз үчүн мыйзамсыз", - деди Аббас.

Мунун алдында Чыгыш Иерусалимдеги палестиндердин ондогон үйлөрү бузулган. Израил бул турак жайлар мыйзамсыз, террористтерден коргоо үчүн коюлган тосмого өтө эле жакын салынганын айткан.

Израилдин бул аракетин бир катар мамлекеттер, анын ичинде Франция, Германия жана Британия сынга алган.

Махмуд Аббас АКШнын Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча планын четке какты.


Азыр Израил менен Палестина коопсуздуктан тартып суу менен камсыздоо сыяктуу бир катар тармактарда кызматташат. Маалымат каражаттары Аббас буга чейин дагы эки өлкөнүн ортосундагы макулдашуулардан баш тартары тууралуу айтканын, бирок аткарбаганын эстешти.

Өткөн жылдын аягында АКШнын президенти Дональд Трамп Чыгыш Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган жана элчиликти көчүрүп барган.

Палестиндер Чыгыш Иерусалимди өздөрүнүн болочок мамлекетинин борбору катары көрөт. Шаарды азыр толук Израил көзөмөлдөгөнү менен эл аралык коомчулук Иерусалимдин бүткүл аймагына анын ээлигин тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG