Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Корнел Феруцэ МАГАТЭнин башчысынын милдетин аткарат


Корнел Феруцэ
Корнел Феруцэ

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысынын милдетин аткаруучу болуп румын Корнел Феруцэ дайындалды.

Буга чейинки жетекчиси жапониялык Юкия Амано 18-июлда көз жумган. Ал БУУнун бул түзүмүн 2009-жылдан бери жетектеп, Ирандын өзөктүк программасынан улам чыккан талаш-тартыш күчөп турган кезде оңой эмес дипломатиялык сүйлөшүүлөргө катышып келген.

Корнел Феруцэ бул кызматты БУУга мүчө мамлекеттер президенттикке талапкер тандаганча аткарат. МАГАТЭ талапкер тандоо качан болорун маалымдаган жок.

Корнел Феруцэ өз өлкөсүндө бир катар дипломатиялык кызматтарды аркалаган.

XS
SM
MD
LG