Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:20

Браконьерлердин колунан өлгөн токойчуга сыйлык берилди


Каныш Нуртазиновдун сөөгү 26-июлда жерге берилди
Каныш Нуртазиновдун сөөгү 26-июлда жерге берилди

Казакстанда бөкөндөргө мыйзамсыз аңчылык кылгандарды кууп баратканда ок жеген токойчу Каныш Нуртазиновдун сөөгү жерге берилди.

Анын зыйнатына өкмөт өкүлдөрү катышты. Президент Касым-Жомарт Токаевдин буйругу менен Нуртазиновго биринчи даражадагы "Айбын" сыйлыгы ыйгарылды.

Окуя 23-июлда Акмоло облусунда болгон. Инспектор Каныш Нуртазинов шериги Самат Оспанов экөө бөкөнгө мыйзамсыз ууга чыккан аңчылардын изине түшүп кууп баратканда, браконьерлер токойчуларды аткан. Анда Самат Оспановго да ок тийген, ал учурда дарыланып жатат.

Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдү издөө иштери башталды.

Ушул жылдын башында Караганда облусунда токойчулар беш бөкөндү атып бараткан аңчыларды кармашкан. Браконьерлер катуу каршылык көрсөтүп, инспекторлордун бири Ерлан Нургалиев таяк жеп каза тапкан.

XS
SM
MD
LG