Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 26-июлда Кыргызстанга иш сапары менен келди.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Рахмонду президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
27-июлда Чолпон-Ата шаарында эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери, анын ичинде кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр уланат.
Бүгүн Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барган.
Эки мамлекеттердин башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы кесилишкен тилкеде Кыргызстандын жана Тажикстандын айылдык кеңештеринин коомчулугунун жана аксакалдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Андан соң сүйлөшүүлөр Исфара шаарында уланды. (BTo)