Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:08

"Саясий туткундарды коргоо комитети" Атамбаевди жоопко тартууну талап кылууда


Алмазбек Атамбаев Бишкектеги митинг учурунда. 8-июнь, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаев Бишкектеги митинг учурунда. 8-июнь, 2019-жыл.

Кыргызстандагы "Саясий туткундарды коргоо комитети" мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартууну бийликтен талап кылды.

Комитет мүчөлөрү тараткан билдирүүдө “Атамбаев ар кандай аракеттери менен өлкө эгемендигине шек туудуруп, жоопкерчиликтен качуу амалын көрүп жатканы” белгиленген.

Бул тууралуу “Азаттыкка” уюмдун төрагасы Сапар Аргынбаев билдирди.

"Атамбаевдин Москвага сапарынан кийин азыркы бийликке нааразы болдук. Мыйзамды тебелеп жатканын көрүп туруп кандай саясат кылып жатканын түшүнбөй калдык. Азыркы бийлик деле бечелдигин көрсөтүп жатат окшойт... Убагында камалган кишилер бүгүнкү болуп жаткан коррупциялык иштердин баарын белгилеп айтышкан. Ошон үчүн үч-төрт жыл, айрымдары дагы деле абакта отурушат... Атамбаев жоопко тартылышы керек, ошондо президент азыркыдай жолго түшпөйт. Эмнеге биздин тагдырды Москва чечип жатат? Биз ошого нааразыбыз".

Мындан сырткары комитет саясий туткундарды куугунтуктоого катышы бар сотторду жоопкерчиликке тартуу, абактагы саясатчылар: Өмүрбек Текебаев, Эрнест Карыбеков, Абдулла Капаров, Садыр Жапаровду боштондукка чыгаруу талабын коюшту.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу Москвага учуп, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп келген.

25-июлда кайтып келип, Путиндин “кыргызстандыктар азыркы бийликтин айланасына чогулуп, өлкөнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшү керек” деген билдирүүсүнө комментарий берип, биригүү мезгили өтүп кеткенин айткан.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча буга чейин ИИМ Атамбаевди үч жолу суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тарткан. 22-июлда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов баштаган тергөө тобунун мүчөлөрү барган.

Мурдагы президенттин тарапкерлери аны суракка чакырууну "саясий куугунтук" деп атап, Чүйдүн Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө «элдик штаб» түзүп, топтолуп турат.

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Парламенттин чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG