Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:57

АКШнын Жогорку соту Мексика менен чек арага дубал курууга уруксат берди


Мексика менен чек арадагы дубал.
Мексика менен чек арадагы дубал.

АКШнын Жогорку соту жума күнү президент Дональд Трампка Мексика менен чектеш жерге дубал куруу үчүн Пентагондун бюджетинен 2,5 млрд. доллар пайдаланууга ураксат берди.

Президенттин каражатты пайдалануу укугун жаратылышты коргоо боюнча иш алып барган бир канча топтор талашып келген. Алар чек арадагы дубал америкалыктардын жаратылыштын кооздугуна суктанышына жана дубал боюндагы аймакты эс алуу үчүн пайдалануусуна тоскоол болорун айтышкан. Жогорку сот арыз берген тараптын муну талап кылууга мыйзамдык негиздери жок деген тыянак чыгарды.

Эки ай мурда федералдык сот “Конресс менен макулдашылбаган каражатты пайдаланууга укугу жок деген” Өкүлдөр палатасынын доо арызын кабыл алган эмес.

Быйыл февраль айында Дональд Трамп Конгрессти кыйгап өтүп, башка булактардан АКШ менен Мексиканын чек арасындагы дубалдын курулушуна сегиз миллиард доллар бөлдүрүп алуу максатында өткөн жумада "өзгөчө абал" режимин жарыялаган.

АКШда Калифорния баштаган 16 штат президент Дональд Трампты өлкөнүн түштүк аймагына "өзгөчө абал" жарыялаган буйругун жокко чыгартыш үчүн сотко берген. Вашингтон, Чикаго жана башка ондогон шаарларда президент Трамптын Мексика менен чек арага дубал курууга акча алыш үчүн өлкөнүн түштүк аймагына "өзгөчө абал" жарыялоо боюнча чечимине каршы акциялар өткөн. Алар Трамптын буйругун "кызматынан кыянат пайдалануу" жана "бийликти узурпациялоо" катары баалап жатышат.

АКШнын Мексика менен чек арасы 3200 чакырымды түзөт жана анын айрым бөлүктөрүндө дубал азыр деле бар. Трамп буга чейин да АКШга аткезчилик жол менен ташылып келген баңгизаттардын кесепетин эскертип, жума сайын жалаң эле героинден 300дөй америкалык каза табарын белгилеген. Ал баңгизаттын 90% түштүктөгү чек ара аркылуу келерин айткан.

XS
SM
MD
LG