Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Түркияда куралдуу кол салууга байланыштуу кыргызстандыктар кармалганы кабарланды


Түркиянын желеги.
Түркиянын желеги.

Түркияда куралдуу кол салууга байланыштуу кыргызстандыктар кармалганы тууралуу жергиликтүү CNN Türk телеканалы маалымат таратты.

Кабарда 25-июлда Түркиянын Бодрум аймагында түркиялык Х.Ө. мейманкананын жетекчисине жана коопсуздук кызматкерине ок атканы жазылган.

Бодрум аймактык полиция кызматкерлери шектүү Х.Өнү жана кыргызстандык Н.Д. жана И.С. аттуу адамдарды дароо кармашкан. Суракта мейманкана жетекчиси шектүү Х.Өгө мейманкананын SPA бөлүмүндө чет өлкөлүктөрдү мыйзамсыз иштетип жатканы үчүн эскертүү бергенин айткан.

Ушул себептен улам эртең менен келген кыргызстандык мигранттарды ишке албай койгонун, мындан улам Х.Ө. мейманканага кирип келип ок атканын билдирген. Окуя боюнча Бодрум прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, Х.Ө. аттуу шектүүнү камакка алган.

Кыргызстандык эки жаран тергөө бүткөнгө чейин өлкөдөн чыгарылбайт.

Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык расмий каттоого турган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенет. Жайында Түркияда иштеген кыргызстандыктардын саны мындан да көбөйөт. (ElB)

XS
SM
MD
LG