Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:44

Сириядан келген казакстандык келин беш жылга кесилди


Сириядан алынып келинген Зарина Акмалаева сот учурунда.
Сириядан алынып келинген Зарина Акмалаева сот учурунда.

№2 Актөбө шаардык соту 26-июлда Сириядан алып келинген Зарина Акмалаеваны беш жыл абакка кести.

"Терроризмди пропаганда кылган” жана “диний кастыкты козуткан” деп айыпталган 29 жаштагы Акмалаева жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги абакта өтөйт.

Прокуратура Акмалаеваны үй-бүлөсү менен 2014-жылы Сирияга чыгып кетип, ошол жактан WhatsApp аркылуу Казакстанда жашаган энелерди жихадга чакырган билдирүүлөрдү жиберип турган деп айыптап жатат.

Сотто казакстандык келин күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, 2014-жылы Сирияга кызы менен чыгып кеткенин айткан. Айыптоочу тарап анын 2011-жылы күйөөсү менен ажырашканын, 2017-жылы Сирияда экинчи кызын төрөгөнүн билдирген.

2019-жылы май айында казакстандыктарды кайтаруу операциясынын алкагында Акмалаева эки баласы менен Сириядан алып келинген. “Жусан” операциясынын алкагында 516 казакстандык, анын ичинде 360 бала Жакынкы Чыгыштан Казакстанга жеткирилген. Акмалаева 28-майда камакка алынып, кыздары туугандарына берилген.

Адвокат Назгүл Дүйсенбекованын белгилешинче, Акмалаеванын улуу кызынын документи бар. Ал эми кичүү кызыныкы даярдалып жатат. ДНК анализдер ал Акмалаеванын кызы экенин ырастаган.

XS
SM
MD
LG