Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Британиянын премьер-министри Трамп менен телефондон сүйлөштү


Борис Жонсон.
Борис Жонсон.

Британиянын жаңы дайындалган премьер-министри Борис Жонсон АКШ президенти Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшүп, Иран маселеси, эки өлкө ортосундагы эркин соода жүргүзүү келишими боюнча сүйлөштү.

Трамп Жонсон менен телефондон сүйлөшкөнүн 26-июлда Ак үйдө журналисттерге билдирди. Ал британ премьер-министрин кызматка киришкени менен куттуктаганын айтты.

“Эки өлкөнүн лидерлери Ирандагы чыңалууну, бул багытта Вашингтон менен Лондондун биргелешип иштөө зарылдыгы туурасында сүйлөшкөнүн” британ өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иран менен Британиянын мамилеси Ормуз кысыгында британ кемеси кармалгандан кийин чыңалган. 19-июлда Ирандын аскерлери Ормуз кысыгынан Британиянын эки кемесин кармаганы кабарланган.

Алардын бирөө Либериянын желеги менен бараткан. Ал кийинчерээк коё берилген. Ал эми британ желеги менен бараткан, ичинде 23 киши бар кеме Ирандын Бендер-Аббас деңиз портуна токтотулган.

23-июлда Лондон шаарынын мурдагы мэри, мурдагы тышкы иштер министри Борис Жонсон консерваторлор партиясынын лидери болуп шайланып, мурдагы өкмөт башчы Тереза Мэйдин ордуна келген.

Ал Евробиримдик менен "Брекзит" боюнча жаңы келишим түзөрүнө убада кылып келе жатканы менен шаркеттин лидерлери келишим долбоору кайра жазылбай турганын кескин эскертишкен. Буга чейинки документти британ парламенти бир нече жолу четке каккан.

XS
SM
MD
LG