"Кыргызгидромет" жакынкы күндөрү күн ысык болорун эскертти.
28-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;
Таласта түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;
Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 27…32 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 19…21°, күндүзгү жогорку температурасы 35…37 градус болот.