Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Москвада ондогон адам кармалды


Москвада шаардык кеңешке шайлоого катышпай калган талапкерди коргоп, мөөнөтсүз нааразылык акциясы өтө турган жерге Орусиянын гвардиясы жана полиция күчтөрү тартылды.

Кармалгандардын саны жүзгө чукулдаганын “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы жазды. Полиция Тверь көчөсүнө чыга турган кесилиштерге жана тратуарга тосмо койду.

Айрым маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, полиция рация аркылуу журналисттерден башкалардын баарын кармоо тууралуу көрсөтмө алып жатат.

Шайлоого талапкер катары катталбай калган талапкерлер, анын ичинде оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун директору Иван Жданов, оппозиционер Дмитрий Гудков жана Юлия Галямина камалганы белгилүү болду. Мурдараак кармалган Илья Яшин учурда полиция бөлүмүндө. Ал дагы шайлоого катышууну көздөгөндөрдүн катарында болгон.

Мунун алдында бир катар оппозиционерлердин үйү, ишканасы тинтүүгө алынган.

Уюштуруучулар талапкерлер менен элдин жолугушуусун өткөрүү мыйзамдуу экенин белгилеп жатышат. Бирок кармоолор иш-чара өтөрдөн эки саат мурда башталган. Биринчи болуп дизайнер Константин Коновалов кармалган. Ал "Твиттердеги" баракчасына эртең менен мэриянын имаратынын жанынан чуркап бараткан учурда кармап кетишкенин жазды.

25-июлда Москванын Симонов соту оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды 30 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган. Ага коомдук иш-чараны өткөрүү тартибин бузган деген айып коюлду.

Ал 27-июлда Москва шаардык мэриясынын алдында шаардык кеңешке шайлоого катышпай калган талапкерди коргоп, мөөнөтсүз нааразылык акциясын баштоону сунуштап жаткан.

XS
SM
MD
LG