Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Москвада кармалгандардын саны 400дөн ашты


Москвадагы нааразылык акция. 27-июль. 2019
Москвадагы нааразылык акция. 27-июль. 2019

Москвада полиция жана Росгвардиянын кызматкерлери мэриянын имаратынын алдына шаардык кеңешке катталбай калган талапкерлер менен тургундардын жолугушуусун өткөрүү үчүн чогулгандардын бир бөлүгүн сүрүп чыгарды.

Полициянын курчоосун жиреп кирип, мэриянын имаратына чейин жеткен адамдардын тобун Росгвардиянын аскерлери кармаганын “Эркин/Европа Азаттык” радиосунун орус кызматы кабарлады. Ички иштер министрлиги берген маалыматка караганда 430 киши кармалган.

Шайлоого талапкер катары катталбай калган талапкерлер, анын ичинде Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун директору Иван Жданов, оппозиционер Дмитрий Гудков, катталбай калган талапкерлер Илья Яшин, Любовь Соболь жана Юлия Галямина камалганы белгилүү болду.

Мунун алдында бир катар оппозиционерлердин үйү, ишканасы тинтүүгө алынган.

Уюштуруучулар талапкерлер менен элдин жолугушуусун өткөрүү мыйзамдуу экенин белгилеп жатышат.

25-июлда Москванын Симонов соту оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды 30 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган. Ага коомдук иш-чараны өткөрүү тартибин кайталап бузган деген айып коюлду.

Ал 27-июлда Москва шаардык мэриясынын алдында шаардык кеңешке шайлоого катышпай калган талапкерди коргоп, мөөнөтсүз нааразылык акцияны баштоону сунуштап жаткан.

XS
SM
MD
LG