Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) аймактык шайлоо комиссияларынын кеңешин түздү. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын мүчөсү Назарали Арипов кабарлады. Анын айтымында, жаңы түзүлгөн кеңеш талкууга, ар кайсы комиссиялардын пикир алмашуусуна аянтча болуп берет. Анын курамына ар бир аймактык комиссиядан экиден, Ош, Бишкекти кошуп 12-14 киши кирет.
Кеңештин чечимдери сунуш иретинде берилип, юридикалык күчкө ээ болбойт.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кеңешин түзүү жана анын милдети дээрлик бир жыл мурда сунушталып, талкууланып келген. БШКнын айрым мүчөлөрү муну “бийликти узарпация кылуу” деп сындашкан. (КЕ)