Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери күч сынашты


Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 2014-жылы куралдуу кылмышкерлерди колго түшүрүү учурунда октон каза тапкан Бакытбек Абдраевдин элесине арналган спорттук иш-чара өттү.

Чемпионат таяк тартыш, аркан тартыш жана гиря көтөрүү боюнча өтүп, ага өлкөнүн укук коргоо бөлүмдөрүнөн 200гө жакын кызматкер катышты. Биринчи орунду Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полку, экинчи орунду атайын адистештирилген күзөт кызматы жана үчүнчү орунду Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы ээледи. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана атайын кубок тапшырылды.

25-июлда башталган мелдеш эки күнгө созулду. (KS)

XS
SM
MD
LG