Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:13

Атамбаевдин баласы соңку окуялар тууралуу пикирин айтты


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев атасынын айланасында болуп жаткан окуялар боюнча “Фейсбуктагы” баракчасына пикирин жазды. Ал убагында үй-бүлөсү, жакындары айта албаган чындыкты атасына айтып келгенин жазган.

"Соңку учурда "атаңа бийликте турганда айтпайт белең" - деген суроолор көп берилип жатат. Мен бир чындыкты айткым келет. Үй-бүлөмдүн, жакындардын духу жетпей турганда, мен атама "сиздин шопуруңуз, жансакчыңыз, балашкаларыңыз, сиз мамлекетибизге жасаган жакшы иштерге көлөкө түшүрүп жатат!"-деп айтчумун. Ушул сөздөрдүн айынан эки жылдын ичинде атам экөөбүз бир жолу эле көрүштүк!”, - деп жазган.

Сейтек Атамбаев “эки достун ортосунда (Атамбаев – Жээнбеков – ред.) интрига жаратып, азыркы абалга келүүсүнө” да атасынын айланасындагы айрым адамдардын тиешеси бар экенин белгилеген.

Ошондой эле мурдагы президенттин Орусия сапары боюнча да пикирин калтырып, эгемен Кыргызстандын тарыхында Кремлге барган жалгыз гана Атамбаев эмес экенин да белгилеген.

“Бүгүнкү окуяны тоодой чоң бир прецедент катары көргөн инсандарга таң калдым. Кремлге кимдер гана барган эмес, тизменин башында Кыргызстанды падышалык Орусияга кошуу үчүн барган биздин тарыхый инсандар турушса, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында канча барактар бар... Москвага каттагандар көп эле айтылып келген, эми аягы белгисиз дагы кимдер иретте турушат, бул бизге гана тиешелүү жана ачык маалымат. Ал эми дүйнө жүзүнүн экс-лидерлери Орусиялап эле жүрүшөт. Бул эч кимге сыр эмес”, - деп жазган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда Орусиянын Канттагы аба майданынан Орусияга учуп, 25-июлда кайра кайтып келген. Ал Москвада Владимир Путин менен жолугушкан. Андан кийин Путин журналисттердин суроосуна жооп берип, Кыргызстан буга чейин эки жолу ички саясий олуттуу толкунду башынан өткөргөнүн, өлкөгө саясий туруктуулук керек экенин айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG