Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:22

Берлиндеги гей парадга жарым миллион адам катышты


Германиянын борбору Берлинде кумсалардын 41-маршына жарым миллион киши катышты. Марш шаардын батыш бөлүгүндөгү Курфюрстендамм көчөсүндө башталып, Бранденбург дарбазасына чейин болду. "Google" жүрүштүн картасын асан-үсөн түстө көрсөтүп турду. Ага Орусия, Грузия, Беларус жана постсоветтик өлкөлөрдөн жүздөгөн орус тилдүү активисттер катышты. Жүрүштүн катышуучулары түстүү желекке Орусиянын президенти менен Чеченстандын лидеринин сүрөтүн илип, “Бизди кууп жетпейсиң!” деп орус жана немис тилдеринде жазып көтөрүп чыгышты.

Мындан сырткары катышуучулар “Сенин бир досуң – кумса”, “Өлтүрсө – чалгыла”, “Гомофобия – өлтүрөт” деген жазуулар бар плакаттарды көтөрүп жүрүштү. Берлиндиктер колоннаны кол чабуулар менен тосуп алышты.

41-марш бул жолу “Stonewall 50 – ар бир көтөрүлүш сенин үнүңдөн башталат” деген ураан менен өттү. Сексуалдык азчылыктын биринчи нааразылык акциясы Нью-Йоркто 1969-жылы өткөн.

XS
SM
MD
LG