Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен элдешпей турганын “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Эл өкүлү Атамбаевдин Москва сапарынан кийин “Атамбаев менен Жээнбеков элдешеби?” деп сурап кайрылгандар көбөйгөнүн жазды. Кармушкина Атамбаев кандай шартта Жээнбеков менен элдеше турганын санап берди.
“Президент Матраимовдор чыгарып кетти деген каражаттар боюнча тергөө баштоону, Жээнбеков, Матраимовдордун, прокурор, соттордун декларациясын текшерүүгө тапшырма бериши керек. Алардын байлыгы кагазда көрсөтүлгөн менен дал келет бекен? Бардык тармактагы мамлекеттик кызматтардан өз туугандарын алышы керек. Президент ушуга барабы? Барбаса, элдешүү да болбойт”, - деп жазды Карамушкина.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда Орусияга Канттагы авиабаза аркылуу учуп, 25-июлда кайтып келген. Ал Москвада Орусия президенти Владмир Путин менен жолугушкан. Кыргызстанга келгенде журналисттердин суроосуна жооп берип, бийлик менен биригүүгө кеч болуп калганын айткан. (КЕ)