Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:28

Гонконгдо полиция демонстранттарды кууп таратты


20-июлда өкмөткө каршы митингге чыккандарга темир, жыгач союлдар менен куралданган топ кол салган
20-июлда өкмөткө каршы митингге чыккандарга темир, жыгач союлдар менен куралданган топ кол салган

Гонконгдо 27-июлда он миңдеген адамдар кайрадан көчөгө чыкты. Нааразылык акциялары шаардын Юньлон районунда өттү. Бул райондо бир апта мурун өкмөткө каршы митингге чыккандар тарап баратканда темир, жыгач союлдар менен куралданган, жүздөй адамдан турган топ кол салган. Анда ондогон адам жаракат алган.

Ишемби күнкү нааразылык акциясынын катышуучулары буга байланыштуу полициянын аракетин айыпташты жана экстрадиция тууралуу талаштуу мыйзам долбоорго каршылык билдиришти.

Гонконг бийлиги бул жолу митинг өткөрүүгө уруксат берген эмес. Полиция көчөгө чыккандарга көздөн жаш агызчу газ, желим ок колдонуп кууп таратты.

Гонконгдо өткөн айдан бери бери кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзамга каршы демонстрациялар өтүп жатат жана нааразылык акциялары кагылышуу менен коштолууда. Бийлик документти кароону токтотуп койгону менен оппозиция долбоор парламенттен биротоло кайтарылып алынышын талап кылып келет.

Британиянын эски колониясы Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга өткөрүлүп берилген.

XS
SM
MD
LG