Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:57

Жээнбеков: Орусия менен бирге алдыга жылгыбыз келет


Сооронбай Жээнбеков форумдун катышуучулары менен.
Сооронбай Жээнбеков форумдун катышуучулары менен.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июлда Чолпон-Ата шаарында "Кыргызстан жана Орусиянын жаш лидерлери" форумунун катышуучулары менен жолугушту. Мамлекет башчы эки өлкөнүн жаштарынын мындан аркы кызматташтыгы үчүн жаш лидерлердин форуму мыкты шарт түзөөрүнө үмүт артты.

“Бизди Орусия менен тарыхый достуктун, союздаштыктын жана өз ара урматтоонун бекем салттарына негизденген ишеничтүү мамилелер байланыштырып турат. Орусия биз үчүн жакын, ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөш. Биз Орусия менен бирге алга жылгыбыз келет, өлкөлөрүбүздүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн биздин мамилелерди өркүндөткүбүз жана бекемдегибиз келет”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент маектешүү учурунда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Ысык-Көлдүн жээгинде иштегенди жакшы көргөнүн айтып, жаш лидерлер менен Ысык-Көлдө жолугушуп жатканы символикалуу экенин баса белгиледи.

Жолугушууда “Орусия жаштар союзу” жалпы орусиялык коомдук уюмдун төрагасынын орун басары Татьяна Селиверстова жана Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай Улуттук коомунун президенти Азамат Баялинов сөз сүйлөштү. Алар форумдун алкагында бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлганын, ишкерликти өнүктүрүү, туризм, волонтерлук, региондордогу жаштардын ролун жогорулатуу чөйрөлөрүндө кызматташуу тууралуу макулдашууларга жетишилгенин айтышты. Жолугушууга Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко да катышты.

Форум ишин 25-июлда Бишкек шаарында баштап, 30-июлга чейин Чолпон-Ата шаарында уланат. Аны Орусиянын Жаштар иштери боюнча федералдык агенттиги менен Кыргызстандын Жаштар иштери, дене тарбиясы жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги уюштурган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG