Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:10

Кабул: "Жашылдар багыты" кыймылынын имаратына чабуул жасалды


Ооганстанда 28-июлда президенттик шайлоо өнөктүгү расмий башталды.
Ооганстанда 28-июлда президенттик шайлоо өнөктүгү расмий башталды.

Ооганстандын борбор шаары Кабулда президент Ашраф Ганинин өнөктөшү, мурдагы ички иштер министри Амрулла Салех жетектеген "Жашылдар багыты" кыймылынын имаратына чабуул жасалды.

Окуяга күбө болгондордун маалымдашынча, алгач имаратта бомба жарылган, андан кийин куралчан адамдар кирип барып, атышуу башталган.

Күбөлөрдүн айтымында, Амрулла Салехти ал жерден аман-эсен алып чыгып кетишти. Айрым маалыматтарга караганда, чабуулда бир адам ажал тапты, ондон ашык киши жаракат алды. "Жашылдар багыты" кыймылынын имараты ооган президенти Ашраф Ганинин кеңсесине жакын жайгашкан.

Ашраф Гани алдыдагы президенттик шайлоого катышып жатат.

28-июлда Ооганстанда шайлоо өнөктүгү расмий башталды. Президенттик шайлоо 28-сентябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG