Бүгүн, 29-июлда Нарындын Кочкор районунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду колдоо митинги өтөт. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы кабарлады. Митинг Исаковдун туулган күнүнө байланыштуу уюштурулуп жатат.
Буга чейин Кочкордо Сапар Исаковду коргоо боюнча штаб ачылган.
Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү жемкорлукка тиешеси бар деп, 2018-жылы камалган. Кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланып жатат. (КE)